АК-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Кыя айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын
VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
2017-жылдын 28-декабры №15/2
Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасына толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Ак-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З. Исираиловдун 2017-2025-жылдарга карата Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө толуктоолорду киргизүү боюнча билдирүүсүн угуп жана Кыргыз Республикасынын «Ишеним жана биримдик» программасынын талаптарына ылайык калкка тааныштырып сын-сунуш, ой пикирлерин эске алуу менен кабыл алуу багытында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» мыйзамынын 31-статьясына ылайык Ак-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн 2017-2025-жылдар үчүн кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү программасына тиркемедеги кошумчалар жактырылсын жана бекитилсин.
2. Социалдык-экономикалык өнүгүү программасында кабыл алынган иш-чаралардын өз убагында аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы
З. Исираиловго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Ак-Кыя айылдык Кенешинин бюджет-финансы боюнча комитетинин төрагасына тапшырылсын.
Тѳрага | Р. Зарлыков |
|
|