Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели №14/1
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн буйруктарына ылайык Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл ичиндеги арыктарды тазалоо кеңейтү ү , мектептердин, ФАПтын жана башка мекемелердин айланасын тазалап, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү айыл башчылары А Акунбаевке, Т Курманбаевке, мекеме жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Мектептердеги күлдү жана таштандыларды чыгаруу мектеп директорлоруна тапшырылсын.
3. Айылдын тазалыгына таштандылардын санитардык нормага ылайыктуу ташталышына көзөмөл жүргүзүү ФАПтын башчыларына, ҮДТнын башкы дарыгери Орозалиева Мирага милдеттендирилсин.
4. Айылдардын ирээттүүлүгүн, арыктардын казылышын, кызыл линияларды тактап көчөлөрдүн түздүгүн ирээтеп көзөмөл жүргүзүү башкы адис Н. Алакуновко милдеттендирилсин.
5. Айылдардагы таштандыларды төгүүчү жайлардын санитардык нормага ылайык жасоо, таштандыларды ирээттөө, 3 кварталга чейин рекультивациялоо, жана таштанды төгүлгөн жайды тосуу айыл өкмөтүнүн башчысы У. Бердигуловко милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагасы айылдык Кеңештин депутаты Ж. Жумалиевке тапшырылсын.
7. Ушул токтом массалык маалымат каражатттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы А. Касейиновко жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Дүйшеев |
|
|