Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели №14/4
Талды-Суу айылынын жаштарынын кайрылууларына ылайык Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айылынын жаштарынын кайрылууларына ылайык кичи футбол жана хоккей аянтчасына жер, Талды-Суу айылындагы А. Осмоналиев атындагы орто мектебине тиешелүү жер аянтынан мектеп жетекчилигинин маакулдугу менен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жер турак жай, коммуналдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Н. Алакуновко милдеттендирилсин.
3. Бул токтом массалык маалымат каражатттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы А. Касейиновко жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Дүйшеев |
|
|