Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрели №14/7
Талды-Суу айылындагы А. Осмоналиев атындагы орто мектебинин педагогикалык жамаатынын чечимине ылайык, Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Суу айылындагы А. Осмоналиев атындагы орто мектебинин 1939-жылы курулган эски корпусту бузууга уруксат берилсин.
2. Эски корпусту бузууда комиссиянын курамы түзүлүп бекитилсин.
3. Бузулуп алынган материалдарды жыйноо мектептин муктаждыктарына пайдаланууну көзөмөлдөө түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Н. Алакуновко тапшырылсын.
5. Бул токтом массалык маалымат каражатттарына жарыялансын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин катчысы А. Касейиновко жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Дүйшеев |
|
|