Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты №12/3
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш планына ылайык, Талды-Суу айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы китепканаларда негизинен бир катар иштердин жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленсин.
2. Китепканачыларга мектептер менен байланышын күчөтүп, окурмандар менен ар кандай иш чараларды өткөрүү жагы тапшырылсын.
3. Китепканалардын ремонт иштерин жүргүзүү, жылуулук свет менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы У. Бердигуловко милдеттендирилсин.
4. Китепканалардын инвентарын, китеп фондунун санын тактоо депутаттык комиссияга жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тармактык комиссияга тапшырылсын.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Касейиновко жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Дүйшеев |
|
|