Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты №12/4
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин иш планына ылайык, айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин спец техникалары «Эл-Баксын» муниципалдык ишканасынын пайдалануусуна өткөрүлүп берилсин.
2. Техникаларды муниципалдык ишканага өткөрүп берүү боюнча курамы үч адамдан турган депутаттык комиссия түзүлсүн, комиссиянын курамына төмөндөгү адамдар киргизилсин.
* Байматов Ишеналы
* Жумалиев Жаныбек
* Кожоев Бакытбек
3. Спец техникаларды 01-апрель 2018-жылга чейин өткөрүп берүү жагы түзүлгөн комиссиянын курамына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Эл-Баксын» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э Жаңыбаевке милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А Касейиновко жүктөлсүн.
Тѳрага | Ж. Дүйшеев |
|
|