Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-марты №13/1
Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү-1» долбоорунун алкагында Талды-Суу айылында ишке ашырылуучу долбоорго маакулдук берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууга керектелүүчү 125,0 сом жана жери бөлүнүп берилсин.
3. Долбоорго тиешелүү документтерди бүткөрүү айыл өкмөтүнө жана жайыт комитетинин төрагасы Курманбек уулу Абылайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Жаңыбаев Эрнистке тапшырылсын.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жооптуу катчысы А. Касейиновко жүктөлсүн.
Тѳрага | Э. Жаңыбаев |
|
|