Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 24-апрели №5-7
Т.Кулатов атындагы айыл айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик обьектилерин куруу жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси С. Бойдоновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» мыйзамынын 19-беренесине таянып депутаттардын Т.Кулатов айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу 19 (он тогуз) даана трансформатор жана 8 (сегиз) даана элдин трансформаторлору баары болуп 27 (жыйырма жети) даана трансформатор РЭСтин балансасына өткөрүлүп берилсин.
2. Трансформаторлорду өткөрүп берүү үчүн иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Атайын аталган жогорудагы иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыганан суралсын.
4. Юридикалык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ноокат райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укугун каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясынын курамына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|