Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 24-апрели №5-8
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Жаша-Балалык-таңы» балдар бакчасынын жетекчиси Бобулова Канышайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 18-беренесине, жер кодексинин 44-беренесинин 3 пунктуна таянып Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кожо-Арык айылындагы «Жаша-Балалык-таңы» балдар бакчасынын имаратынын артындагы пайдубалга жакын эгилген 4 (төрт) түп терек кестирип алдырылсын.
2. Ош аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат жана Араван райондору боюнча башкармалыгынан уруксат алуу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарба, суу, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|