Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-1
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү тарабынан 2017-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пуктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2017-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Урматтуу айылдык Кеңештин депутаттары жана төрага өзүнүздөргө белгилүү Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын курамында каттоодон өткөн беш айыл: «Кожо-Арык», «Кош-Дөбө», «Акчал», «Кызыл-Булак», «Баглан» айылдары кирип, жалпы калкынын саны 19881 адам, кожолук саны 3493. Айыл өкмөтүнүн калкынын эркектери- 9730, аялдары-10151 адамды түзөт.Ал эми улуттук курам боюнча негизинен кыргыздар жашайт.Бүгүнкү күндө биздин айылдык аймагында билим берүүчү 10 орто мектеп, 1 толук эмес орто мектеп, 3 балдар бакчасы, 1 борборлоштурулган оорукана, 1 үй-бүлөлүк даарыгерлер тобу, 5 ФАП, 1 маданият үйү, 1 клуб, 1 спорттук комплекс, 1 стадион, 2 китепкана, тегирмендер жана башка кайра иштетүү боюнча чакан цехтер элге кызмат кылууда.
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагы жаратылыш кен байлыктарына өтө бай айылдык аймак болуп саналат.Атап айтсак көмүр, извесняк, гипс, уран , алтын, күмүш, сымап ж.б. кен байлыктар бар. Жогорудагы кен байлыктардан азыркы учурда биздин айыл өкмөтүнө эн чон пайда берип жатканы курулуш материалы болуп саналган цементтин негизин түзгөн извесняк болуп саналат. Ошонун негезинде биздин айылдык аймакта жабык типтеги акционердик коому «Түштүк-Кыргыз-Цемент» ишканасынан андан тышкары «Айдоочу» ишканасы, «Айбашев» кыш чыгаруучу заводу, «Нур кен», «Кызыл-Кыя» көмүр жана «Береке » кен гипс ташуучу ишканалары иш жүргүзөт.
2017-жылды Республикабызда «Ыйман, адеп жана маданият жылы», ал эми райондо «Мекенди сүйүү ыймандан» деп жарыяланып, бул иш чараны ишке ашыруу үчүн төмөндөгү иштер аткарылды.
2017-жылдын 6 айында жергиликтүү салык жыйымдарга жеткирилген жалпы план 2143,4миң сом болсо иш жүзүндө аткарылганы 2808,3 миң сомго же болбосо 131% ке аткарылып, жеткирилген пландан 664,9 миң сомго ашыкча жыйналды.
Ал эми 2017-жылдын 6 айында салык жана салык эмес жыйымдарга бекитилген план 19827,4 мин сом болсо, иш жүзүндө 16696,4 мин же болбосо 84,2% га аткарылып, жеткирилген пландан 3131,0 миң сомго аткарылбай калды. Аткарылбай калган салыктар боюнча атап айтсак ТКЦ заводунан сатуудан алынган салыкка 521,4 миң сом план белгиленсе, такталган планы 521,4 ал эми аткарылганы 33,4 миң сомго, же болбосо 488,0 миң сомго аткарылган эмес. Рояльти салыгы боюнча 14267,2 мин сом болсо, ал эми аткарылганы 11127,4 мин сом же планга карата 78,3%га гана аткарылган.
Мына ошонун эсебинен айыл өкмөтүндө бир канча биз пландаштырылган иштер аткарылбай калды, бирок ошого карабай айыл өкмөтүндө социалдык обьектилер курулуп, ишке берилди.
Ал эми Тешик-Таш бөлүмүндөгү 3 км жерге жалпы суммасы 18989,640 миң сомго тендер өткөрүлүп, асфальт төшөлүп ишке берилди. Ошондой эле Кызыл-Булак айылындагы “Наристе балалык таны” 90 орундуу балдар бакчасы толугу менен бүткөрүлүп август айында ишке берилип, азыркы учурда иштеп жатат.
Баглан,Таш-Булак айылдарына эн көйгөйлүү маселе болгон элдерди таза суу менен камсыз кылуу эле. Баглан,Таш-Булак айылдарына жергиликтүү бюджеттен 4,8 км узундугу болгон таза сууга 6480410 акча каражаты каралып, азыркы убакта 2 ,700,0 мин сом которулуп, чункуру казылып көмүлүп, шлангалары тартылып, азыркы убакта айылга таза суу жеткирилип берилип дагы айылдагы койулган кранттары ремонтолуп жатат.
Ушундай эле элдин көйгөйү болгон Кош-Дөбө айылында да Ассалам мусулмандар коому тарабынан таза суу тартууга 3 мин 200 метрге 512 мин сомдук шланга сатып алынып, ал эми айыл өкмөтү тарабынан 3200 метр жерге чункур казылып, шланга жаткырылып кайрадан көмүлүп таза суу элге жеткирилди.
Ак-Терек айылындагы К. Колдошов атындагы орто мектебине 9 класс кошуу үчүн жалпы симеталык баасы 12 081 800 сом жергиликтүү бюджеттен каралып , быйылкы жылы бүткөрүлүп ишке берилет.
Ошондой эле 2017-жылы айыл башчылар тарабынан айылдардагы электр чубалгылары, столбалары жана ички арыктарга элдердин арызына негиз трубалар алынып коюулду.
Өзүңүздөргө белгилүү Кызыл-Кыя мэриясы кайрадан “Түштүк-Кыргыз цемент” акционердик коомунун жер аянтын жаңы ачылган жагдай боюнча берилген сотту Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунда эки жолу жана Областтык сотунда бир жолу Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн эсебине чечилди. Ошондой эле “Кызыл-Кыя көмүр” ачык типтеги акционердик коомуна Кызыл-Кыя мэриясы тарабынан берилген токтомдору жана “Абшыр” разьезд карьерине берилген Ноокат мэриясынын токтомун жокко чыгарылып, башкача айтканда айыл өкмөтүнүн эсебине 8357 895,0 (сегиз миллион үч жүз элүү жети мин сегиз жүз токсон беш) сомдук 25,6 га жер тилкесин Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн эсебине өткөрүлдү.
Аксакалдар соту боюнча Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө коомдук уюмдар менен иштөө жакшы жолго коюлган. Айыл өкмөтүндө коомдук алдын алуу борбору иштейт. Борбор кылмыштын алдын алуу багытында жана кылмышты болтурбоо максатында иш-чара түзүп, ал иш-чараны аткарууга алууда коомдук уюмдар менен биргеликте иш жүргүзүп келүүдө, бул иште жаштар комитети, аялдар Кеңеши, АДКлар, аксакалдар Кеңеши, айрыкча аксакалдар сотунун төрагасы Камчыбеков Кушбак элдер менен тыгыз иштешти. 2017-жылда 9 жазуу жүзүндө, 5 оозеки айыл өкмөтүнүн жарандарынан арыздары аксакалдар сотунда каралып, адилетүү чечилип берилди.
А) Жер маселеси -2
Б) Үй-бүлө маселеси-4
В) Мүлк бөлүштүрүү -2
Г) Райондук сотко кайрылуу -1
Д) Райондук ички иштер бөлүмүнүн катына жооп -3
Ж) Бейбаштык боюнча оозеки кайрылуу -2 кошуналардын араздашуусу боюнча үчөө болуп, баардык маселелер өз ордунда чечилген.
Жогорудагы аткарылган иштер коомдук тартипти, коомдун ынтымагын жана тынчтыгын сактоого өтө чон таасир берип келүүдө.
Айыл курулуш боюнча.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн алдында “Айыл курулуш” муниципалдык ишканасы ачылып, 2014-жылдан баштап 7 адам жумуш орду менен камсыз болуп иштеп жатат. Азыркы күндө 8 айылдын, 10 мектептин, айыл аймагындагы дүкөндөрдөн чыккан чийки таштандыларды ташып, атайын тосулган таштанды таштоочу жайга алып барууда. Ишкана кызмат көрсөтүүдөн айлык акы жана башка чыгымдар үчүн өзүн өзү каржылайт. Топтолгон акча күйүүчү майга да жетпейт. Таштандыларды убагында алып турса баарыбазга да жакшы болот.
Айыл өкмөттүн карамагындагы мекеме ишканалардан чыккан таштандылардын көлөмү 700 куб. түзөт. Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн бардык айылдарынан чыккан таштандылардын көлөмү 970 кубду түздү. Кожолуктардан түшкөн акча каражаты 44 000 сом. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнгөн акча 117 000 сом. ЮКЦ заводдон түшкөн акча каражаты 65 000 сом.
Жумушчулардын эмгек акысы (5 кишиге) – 150 000 сом
Соц. Фонд -40 785 сом
Подоход. Налог – 13 140 сом
Ремонт запчас. - 47 000 сом
күйүүчү май - 67 000 сом
Экскваторго төлөнгөн акча – 49 000 сом
Алты айда түшкөн киреше акча -226 000 сом
Алты айда сарпталган чыгаша -366 925 сом
Айылдар боюнча маалымат.
Кожо-Арык айылындагы Абшыр-Атага кетүүчү жолдор тазаланып, дарактарды кыйып кызыл сызыкка чыккандарды бак дарагын кыйып жолду ачтык. Ошондой эле Абшыр-Ата жолундагы 3 км чоң кара таш алынды. Абшыр-Сай жолуна 60 метр труба, А. Мадимаров көчөсүнө 42 метр пластмасса труба диаметри 150 мм койдурулду. Ал эми Кызыл участкасына 1200 метр аралыкка селкана каздырылып берилди МЧС тарабынан.Казылган селканаларга 15 даана кольцаны сатып алып, үч жерге көпүрөө жасатып бердик. Ошондой эле Кызыл участкасына көпүрө жасоо үчүн 1500 кг цемент 206 метр арматура сатып алып бердик.Кыркол-Сай жаңы конушуна 16 даана травес, 32 даана столбанын чайнегин, ал Кулуштандагы жаңы конушка 63 кв. Трансформатор койуп, 600 метр электр чубалгысын, Т. Бекиев көчөсүнө 200 метр электр чубалгысын сатып алып бердик. Т. Бекиев спорт комплексине 3 даана прожектор койдурулуп берилди. Ал эми Кереге-Таш жана Сой-жылан аялдамаларынын ортосуна бир жаңы аялдама курулду. Кулуштан жаңы конушуна 200 метр чубалгы, Абшыр-Сайга санариптик берүү боюнча бир темир бутка 400 метр электр чубалгы сатып алынып берилди. C. Эргешов атындагы балдар бакчасынын полун жасап бердик. Абшыр-Сайдагы Секинин-Сайы деген селканага 4 даана чон кольца коюлду. Абшыр-Сайдагы кичи көчөгө 100 метрлик арыкка шагал төгүп, ондоп, суу чыгып кеткен жерине 100 метр кленка төшөлүп берилди.
Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдарындагы 2017-жылдагы алты ай ичинде аткарылган жумуштар.
Кош-Дөбө айылына таза суу жеткирүү боюнча 3 км арыкты казып, таза суу менен камсыз болду.
Колдошов орто мектебинин алдына шагал төгүлдү.
Эргешов орто мектебинин буфетинин эстелигинин жана мектептин толук ремонт иштери бүткөрүлдү.
Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдарына 2600 метр электр чубалгысы берилди.
Таза суу үчүн 800 метр шланга алынып берилди.
Беш даана көчө чырагы орнотулду.
Айылдын ички көчөлөрүнө сугат суу өтүүчү темир турбалары коюлду.
Кош-Дөбө айылындагы эстеликтин жана алдындагы ремонт иштери аткарылып жатат.
Ак-Чал айылындагы 2017-жылдын алты ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалымат.
Жаштар көчөсүнө 1000 (бир миң) метр 04 чубалгы алынып, столбалар коюулуп, тартып берилди.
Т. Каримов көчөсүнө 300 метр таза суу шлангасын тартуу үчүн 12 000 (он эки миң) сомгоказдырып, көмдүрүп берилди.
К. Нурманов көчөсүнө 100 (жүз)метр 0,32 мм таза суусуна шланга алып берилди өкмөт тарабынан.
Т. Кулатов көчөсүнүн №41,43,45,47-үйлөрүнө таза суу киргизүүүчүн 100 (жүз) метр 032мм шланга алынып берилди.
Р. Дарбишов көчөсүнө 550 (беш жүз элүү) метр 04 электр чубалгы алынып берилди.
Э. Маматов көчөсүнө 700 (жети жүз) метр аралыкка 0,32 мм шланга таза суу үчүн коюлду.
Ак-Чал айылынын ички көчөлөрүнө 40 (кырк) метр 219 мм темир труба алынып келип коюлду.
Арык-Тейит участкасынын жаны конуштарына 700 (жети жүз) метр 04 электро чубалгы берилди.
Жаштар көчөсүнө 700 (жети жүз) метр таза суу алып баруу үчүн 0,32 мм шланга алып өкмөттүн эсебинен казып көмдүрүп берилди.
Арык-Тейит участкасынын мечитине жана мазарына 4 тонна цемент берилди.
Ак-Чал айылынын үстү жагындагы селканасына 6 тонна цемент берилди.
Ак-Чал аялдасынын ремонтуна 1 (бир)тонна цемент берилди.
Ак-Чал айылынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 7(жети) тонна цемент берилди.
Т. Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак, Таш-Булак жана Баглан айылдарында 2017-жылдын 6 айында аткарылган иштер боюнча маалымат.
Кызыл-Булак айылы боюнча:
Куумайдан айылынын селканасы тазаланып казылды – 200 метр 200 м куб. Куумайдан селканасына 2 тонна цемент жана 1 ХОВА чон таш ташылып келинди. Куумайдан айылындагы жолдун боюндагы чон арык казылып тазаланды – 40 м куб. Куумайдан айылынын жаны конушуна каналдан сугат суусу казылып чыгарылып берилди.
Куумайдан жаны конушуна 1 даана трансформатор жылдырылып орнотулуп берилди.
Наристе жаша балалык балдар бакчасы кемчиликтери аяктап, ишке кирүү алдында турат. Бакчага 90 бала кабыл алынды.
Куумайдан айылынын М. Кудайбердиев атындагы көчөсүнө 9 ХОВА шагал төшөлүп тегизделди.
Ак-моло участкасынын жолуна шагал ташуу 1 рейс.
Кызыл-Булак айылынын Абдулазизов Жээнали аканин үйүнүн жанына 1 чон (300 мм) труба орнотулду. 6 метрлик.
Кызыл-Булак айылына 1 даана жаны трансформатор сатылып алынып орнотулду азыркы учурда ишке киргизилди.
Кызыл-Булак айылынын Таканай селканасы селден кийин сүрүлүп, кумдан тазаланды 3500 м куб.
Сарыбай участкасынын жаны конушуна каналдан элдердин өтүүсү үчүн жөө жүрүү үчүн 32000 сомдук көпүрөө курулду жана пайдаланууга берилди.
Сарыбай участкасынын жаны конушуна каналдан автотранспорттордун өтүүсү үчүн чон көпүрөө салуу үчүн тендер өткөрүлүп даяр турат.
Ак-Моло участкасындагы ички 100 метр жол кенейтилип ачылып, погрузчик менен сүрүлүп тегизделип берилди.
Сарыбай айылындагы Тилла-Сай жана Орто Сай селканалары 2 жолудан селден кийин тазалоо жана жолдорду ачуу иштери аткарылды.
Кызыл-Булак мазарынын жолу кенейтилип, шагал төшөлүп ондолду.
Таш-Булак айылы боюнча:
Таш-Булак айылынын жаны конушуна 8 даана иштетилген столбалар берилди.
Таш-Булак айылынын жаны конушунун таза суусу үчүн 1800 метр шланга сатылып алынып берилди.
Таш-Булак айылынын Арал бөлүгүнүн жолунун боюна 100 даана арча сатылып алынып олтургузулду.
Арал участкасынын элдеринин сугат суусунун сел алып кеткен трубасы өз ордуна кайрадан ондолуп орнотулду.
Таш-Булак айылынын борбордук жолуна 22 темир бетон столбалар орнотулуп, элди аралап өткөн жогорку чыналуудагы линия жылдырылды.
Баглан айылы боюнча:
Баглан айылынын Сары талаа селканасы 2 жолу селден кийин ондоо жана кайра калыбына келтирүү иштери аткарылды.
Баглан селканасынын жанындагы сугат трубасы кайрадан орнотулуп калыбына келтирилди.
Баглан айылына жаны трансформаторго улануу үчүн 1000 метр электр чубалгысы берилди.
Баглан жана Таш-булак айылдары үчүн таза суу проектиси ишке ашууда анны бүтүрүү иштери жүрүп жатат.
Жер боюнча маалымат:
Жалпы айдоо – 2741 га.
Анын ичинен:
- сугат – 1023,
- кайрак 1718,
Бак-141
Жайыт бардыгы 12015 га
А.и.жакынкы-7348 га
Алыскы-4687 га
Калктуу конуш-945 га
Айыл өкмөтүнүн кайрак бак үлүштөргө-2192 га
Суулуу айдоо-745 га
Кайрак айдоо-1349 га
Бак-98 га
Айыл өкмөтүнүн КБФ бардыгы 684 га
Суулуу айдоо-278 га
Кайрак айдоо-369 га
Бак-37 га
2016-2017-жылга күздүк буудай
Суулуу аянтка-685 га
Кайрак айдоо-205 га эгиш керек.
Быйыл аба-ырайы жакшы келип өз убагында жамгыр жаап, элибиз суу менен өз убагында камсыз болушуп, эккен эгиндери түшүмдүү болду.2017-жылдын күзгү айыл чарба эгиндерин дыйкандарыбыз КБФнын жеринен бардыгы болуп 600 га күзгү буудай эге турган болсок анын ичинен 278 га жерге суулуу жана 270 га жер аянтына кайрак буудайлары эгилди, ал эми пайдаланбай калган 99 га жер аянтын дыйкан-фермерлер, жеке чарбалардын жана Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары менен сүйлөшүү жолу аркылуу, жер аянттарын женилдетилген наркта берүүнү пландаштырып жатабыз.Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы тургундарды жеке менчик турак жай менен камсыздоо үчүн азыркы күндө айыл өкмөтүндө 3000 атуул тизмеде кезекте турат.Өзүнүздөр билесиздер Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин фондусу (АЧЖФ) кайрак айдоо аянтынан:
1. Арык-Тейит айылынан-8,24 га
2. Кызыл-Булак айылынан-6,60 га
3. Баглан,Күнгөй айылынан-15,50 га
4. Кайрагач бөлүмүнөн-48,50 га
5. Караван (боз) бөлүмүнөн 34,90 га бардыгы 112,94 га жерлердин
айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан «Калктуу конуштардын жерлер» категориясына которуу тууралуу (трансформациялоо) боюнча иш алып барып, бүгүнкү күндө Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын токтому,ошондой эле КР Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтому чыгып, трансформациялоого болгон документтер Кыргыз Республикасынын мам.каттоо кызматына жөнөтүлүп, ал жерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мам. Агентигинен жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинен жер аянттарын трансформациялоо тиешелүү документтерди аталган кызматтар даярдап жөнөтүштү.
Алты айдын ичинде жеке менчик турак жай боюнча жана башка жерлер менен талаш тартыш маселелери боюнча 43 атуулдан арыз келип түшкөн. Арыздар өз мөөнөтүндө жеринде каралып, көбүнүн арызы канааттандырылды.
Ош областтык райондор аралык сотунда жер маселеси боюнча 5 соттук иш каралып,алардын экөөсүнө соттун чечими чыкты, калган үчөөсү азыркы учурда каралып жатат.Ноокат райондук сотунда жер маселеси боюнча 2 сот иши каралды, жана чечимдери чыкты.
Т. Кулатов айыл өкмөтү боюнча кылкандуу дан эгиндери 940 га ж.а себилип, орточо түшүмдүүлүк 17,4 центнерди түздү.
Май өсүмдүгү 250 га ж.а себилип, орточо түшүмдүүлүк 10,0 центнерди түздү
Тоют 970 га ж. а себилип, орточо түшүмдүүлүк 51 центнерди түздү.
Азыркы учурда башка айыл чарба эгиндери жыйналып жатат.
Социалдык тармактар боюнча жооптуу катчынын маалыматы.
2017-жылга карата айылдык аймактын калкынын саны 19881 адамга жетип, былтыркы жылга салыштырмалуу 424 адамга көбөйгөн.Жарандык абалдын актылары боюнча алты айда 192 наристе төрөлгөн.Атайын мамлекеттик каттоодон өткөн никеге турган жаш үй-бүлөлөрдүн саны 45, ал эми өлгөндөрдүн саны 36 адамды түздү.Бул да болсо калкыбыздын санын жылдан жылга өсүп, экономикабыздын жакшырып бара жаткандыгынын белгиси.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө жогорку жактан органдардан келген буйруктар жана токтомдор мыйзамдар укуктук ченемдик актылар өз убагында аткарылууда.2017-жылы айыл өкмөтүнө жогорку органдардан 39 буйрук, 12 токтом жана 489 каттар келип катталып жалпысынан баары аткарууга алынган. Айыл өкмөтүнө арыз жана сураныч билдирүү каттары жалпысанан 182 каттар келип түшкөн.
66- жер боюнча арыздар
82-акчалай жардам сурагандар.
8-кожолукка бөлүү боюнча
26-ар түрдүү маанидеги билдирүүлөр менен кайрылышкан.
Айыл өкмөткө арыз даттануулардын өтүнүч жана сураныч каттардын аткарылышынын денгээли 90 %га түзөт.Айыл өкмөтүнүн жетекчилиги тарабынан 2017-жылы 25 токтом, 164 буйрук, жеке чарбаларга бөлүнүүгө 44 токтом кабыл алынып, жогорку органдарга жана ар түрдүү юридикалык жактарга 443 каттар жөнөтүлгөн, андан башка айыл өкмөтү тарабынан чарбалык китептерден айыл өкмөтүндө жашагандыгына жана мал-мүлк тууралуу 602 аныктама берилди.
Социалдык жактан коргоо жана камсыздоо багытында айыл өкмөтүнүн социалдык коргоосунун каттосунда:
тоголок жетимдер: 2016-жылы 6, 2017-жылы 6.
жарымжетимдер; 2016-жылы 143, 2017-жылы 151
жалгыз бой кары картандар; 2016-жылы 10, 2017-жылы 10
туберкулез ооруусу менен ооругандар: 2016-жылы 40, 2017-жылы 39
жаштайынан майыптар: 2016-жылы 39, 2017-жылы 47
18жашка чейинки майып балдар: 2016-жылы 18, 2017-жылы 22
жалпыооруулар,аныничинен__
көзү азиздержана дүлөйлөр: 2016-жылы 27, 2017-жылы 29
тылдаэмгектенгендер; 2016-жылы – 88, 2017-87
1 согушардагерлери; 2016-жылы 1, 2017-жылы 1
18 оогансогушунункатышуучулары; 2016-жылы 18, 2017-жылы-16
Чернобыльчы: 2016-жылы-2, 2017-жылы -2
Баткенкоогаланынынкатышуучусу: 2016-жылы-28, 2017-жылы - 28
Жергиликтүү бюджеттинсоциалдыккоргоостатьясына 2017-жылга 400 000 сом каралган, анын ичинен арыз менен кайрылган жарандарга 100 000 сом каралган.Алты айдын ичинде арыз менен кайрылган жарандарга 2016-жылы 25жарандарга 78 000 сом, ал эми 2017-жылы арыз менен кайрылган 23 жарандарга 76 500 сом берилди. Айыл өкмөтүнүн резервдик фондуларынан арыз менен кайрылган жарандарга 2016-жылы 47 000 сом, 2017-жылы 30 500 сом берилди. ВИЧ-СПИД илдетине кабылган 6 жаранга 30 000 сом айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен жардам катары берилди. Ал эми кургак учук менен ооруган 20 жаранга 2016-жылы 40 000 сом, 2017-жылы 2000 сомдон 41 000 сом берилди. 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүн майрамдык салтанатта өткөрүүгө 2016-жылы 30 000 сом а, 2017-жылы 27 000 сом сарпталды. Майрамдык иш-чарага ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдар, жарым жетим балдар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майып балдар жана бала бакчадагы балдар 381 бала келип катышып белектерин алып көнүл ачып кетишти. «Абийир» кайрымдуулук фондунан ата-энесинен ажыраган тоголок, жарым жетим 46 балага 10 кг гүрүч жана кийим кечелер жардам катары берилди. Жалгыз бой эне, майып балдары бар 5 энелерге азык-түлүк кийим кече берилди. Баглан айылынын тургуну Ажиматов Нуралинин (учурда камакта апасы таштап кеткен ) уулу Паязов Жумабек 10.05 2006-ж, кызы Паязова Бактыгул 27.06.2004 жылы туулган балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн ошондой эле ОМС терин өзүм алып бердим. Ал эми аз камсыз болгон Кожо-Арык айылынын тургуну Абышкаева Жылдыздынуулу Абышкаев Дамир 27.05.2008-ж, кызы Абышкаева Ырысгул 08.04.2012-жылы туулган балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн алууга документ иштерине жардам көрсөтүлдү. Улуу Ата Мекендик согушта тылда эмгектенген жарандардын арасынан мамлекет тарабынан бериллүүчү компенсациясын документтери толук болбой калып ала албай калган 10 жарандардын документтерин толуктап Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына тапшырып, 4 жаранга удостворения алынып берилди. Психикалык жактан ооруп калган Ак-Чал айылынын тургуну Абдуллаева Гулзаранын паспорту жок болгондугуна байланыштуу Форма-1 документин Ноокат райондук Паспорт жана виза бөлүмүнөн алып, Ош шаарындагы психикалык жактан ооруп калган жарандарды даарылоочу ооруканага алып барып жаткырып келдик. Учурда дарыланууда. 2017-жылдын 15-майынан 27-майына чейин Ош шаарына «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун негиздери» деген тема боюнча ОшМУнун Бизнес жана менеджмент факультетине окууга барып, билимимди өркүндөтүп келдим. Кызыл-Кыя шаарындагы И. Абдрахманов атындагы мектеп-интернатында окуп жаткан айыл өкмөтүнүн 18 баласын тактап үйүнө барып акт түзүп, баланы үй-бүлөгө кайтаруу иштери жүргүзүлдү. Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү протезге муктаж 17 жарандарын тактап, Ноокат райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө алып барып катыштырып келдик. Аз камсыз болгон турмуш шарты оор, көп балалуу үй-бүлөлөргө жөлөк пул алуу үчүн 2016-жылы 466 дело, 2017-жылы 526дело документтер алынып, соц. комиссияда каралып протоколдор түзүлүп, Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына жөнөтүлүүдө. Мамлекеттик женилдиктер, аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөргө жөлөк пулдар, боюнда бар аялдар үчүн бир жолу бериллүүчү бюллетень, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү майыптыгы бар жарандарга пенсиялар тууралуу Кеңештер берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Айыл өкмөтүндө жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун ,үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун ,диний экстримизмдин, терроризмдин алдын алуу боюнча айылдык аймактын билим берүү тармагында ,мектептерде айыл өкмөтүнүн иштелип чыккан иш-чараларынын планынын негизинде бир топ иштер аткарылды. Ар бир мектепте мугалимдер жамааты менен ата-энелердин биргелешкен жыйынында жогорудагы айтылган маселелер талкууланып,түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү . Бул ишти аткарууда Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери. Ноокат РИИБнүн кызматкерлери, Ноокат райондук прокуратурасынын кызматкерлери, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлеринин жардамы зор болду. Мектептерден тышкары айыл- айылдырда, жер-жерлерде бул багытта жыйындарда эл менен жолугушуу болгон учурларда дайыма элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдөбүз. Ошонун эсебинен айылдык аймакта жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулук жылдын жылга азаюуда жана айылдык аймакта түшүндүрүү иштерин натыйжасында Сирияга кеткен жарандар катталган жок.
№ | Ф.А.А | Айылы | Жардам түрү
|
1 | Эсенбаева Б | Кожо-Арык | 1000 сом
|
2 | Кудайбердиев Ибрагим
| Кызыл-Булак | 3000 сом |
3 | Жумабаев Абдирасул
| Куу-Майдан | 5000 сом |
4 | Тажибаева Гулнара
| Ак-Терек | 5000 сом |
5 | Жолдошбаева С | Баглан
| 3000 сом |
6 | Абдыкадыров Данияр | Кызыл-Булак
| 5000 сом |
7 | Курбанбаева Сардал
| Кош-Дөбө | 3000 сом |
8 | Ашимова Гулнара
| Кожо-Арык | 1000 сом |
9 | Зикиряева Жумагул
| Ак-Чал | 5000 сом |
10 | А. Тургунбаев
| Кожо-Арык | 3000 сом |
11 | Жусупалиева Сайаракан | Кожо-Арык
| 1000 сом |
12 | Эргешов Орозбек
| Кош-Дөбө | 5000 сом |
13 | Сабирова Бүсажи
| Ак-Чал | 3000 сом |
14 | Салиев Ибрагим
| Кожо-Арык | 2000 сом |
15 | Ганчиев Абдылбек
| Ак-Чал | 3000 сом |
| Жалпы:
|
| 48 000 сом |
№ | Ф.А.А | Айылы | Жардам түрү
|
1 | Орозов Бакыт
| Кожо-Арык | 1000 сом |
2 | Жамалдинова Гулайим
| Кызыл-Булак | 5000 сом |
3 | Рахманова Зейнеп
| Ак-Терек | 5000 сом |
4 | Абдурашутов Балтабай | Кереге-Таш
| 5 000 сом |
5 | Абышкаева Жылдыз | Кожо-Арык | 5 000 сом
|
6 | Ажиматова Айгул | Баглан | 5 000 сом
|
7 | Илиязов Маматкасым
| Кожо-Арык | 2000 сом |
8 | Сатыбалдиев Нишанбай | Ак-Чал | 500 сом |
|
Жалпы: |
| 28 500 сом |
Статистикалык маалыматтар:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүндө жалпы ишкана жана магазиндер боюнча айтсам.
Ишканалар жалпысы 9, анын ичинен 6 өндүрүштүк ишканалар, ал эми айыл өкмөтү боюнча 28 элди тейлөөчү дүкөндөр иштеп жатат.
Т.Кулатов айылдык аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо, мал жана азык-түлүктөрдүн кыймылын көзөмөлдөөгө, малдын асыл тукумдуулугун жакшыртуу боюнча 2017-жылдын алты айлыгында жүргүзүлгөн иш – чаралар боюнча малымат.
Т.Кулатов айылдык өкмөтүнүн аймагында мал жандыктарын ветеринардык жактан тейлөөдө эки ветеринардык сервис жана бодо малды жасалма жол менен куудуруу пункту иштейт.
Т.Кулатов айылдык аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу сактоо максатында иштелип чыккан иш-чарага негиз төмөндөгүдөй жумуштар аткарылууда:
1. Мал жандыктарды эмдөө –бодо малды яшур оорусуна 3897 баш,кара-санга 2995 баш,кой –эчкилер оспа оорусуна 8654 баш ,чумага 4920 баш,бруцеллезго 4998 баш, иттерди кутурмага каршы 358 баш.
2. Мал жандыктарды дегелминтизациялоо – калк арасында эхинококкоз оорусун алдын алуу максатында 375 баш ит дегелминтизациядан өткөрүлдү жана түрдүү паразитардык оорулардын алдын алууга 1254 баш бодо мал, 13986 баш кой эчки дегелминтизациядан өткөрүлдү.
3 Идентификациялоо 2017-жылы бодо малды идентификациялоо пландаштырылгандыктан 2100 баш кара малга бирка тагылды.
4. Диагнозтикалык изилдөөлөр – бруцеллез оорусун аныктоого 256 баш бодо малдан кан, 22 баш жылкыдан кан, эпидедемид жана башка орууларды аныктоого 54 баш кочкорлордон кан алынып ветлабараторияга жиберилип текшертилди.
5. Малдын асылдуулугун жогорулатууда – 16 баш бодо мал жасалма жол менен куудурулду. Бул көрсөткүч төмөн ошондуктан аны жакшыртуу багытында иш алып баруу керек.
Маданият тармагы боюнча:
Айыл өкмөтүндө маданият тармагын өнүктүрүү боюнча иш-чара иштелип чыгып, ал иш-чара планды аткаруу боюнча 2017-жылда төмөнкүдөй иштер аткарылды:
«Ооган согушунун ардагерлеринин» майрамын жогорку уюшкандыкта өткөрүп, «Апшыр-Ата» тобу өз өнөрлөрүн тартуулап майрам жогорку денгээлде өткөрүлдү.
8-Март аялдардын Эл аралык майрамына карата Аял-заты « Гүлдөгөн бакча, бүтпөгөн дастан » аттуу кароо сынак өткөрүлдү. Ар бир айылдардан баатыр энелер, эмгектин ардагерлери энелер, эжелер чакырылып, чон концерттик программасы тартууланды, айыл өкмөт тарабынан 90 аялга баалуу белектер таркатылды.
«Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата 21-Март «Нооруз» майрамына карата айылдар арасында кароо сынак өткөрүлдү. Боз үй тигүү, сүмөлөк кайнатуу, улуттук жыгач буюмдардын көрсөтмөсү, улуттук оюн-зооктор жана спорттук иш-чаралар өткөрүлдү. Биринчи орунга -7000 сом, экинчи орунга 2* 5000 сомдон 10 000 сом, үчүнчү орунга -3 000 сом, ал эми кызыктыруучу сыйлык 2 000*2= 4 000 сом. 1-даражадагы, 2-даражадагы, 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле Волейбол боюнча мелдешке 20 000 сом, Кикбоксинг боюнча мелдешке 5 000 сом, окуучулар арасында волейболго 2 000 сом акча каражаты женүүчүлөргө берилди.
9-Май Улуу Жеништин 72 -жылдыгына карата согуштун ветераны ( 1), тылда эмгектенген ардагерлер, афган согушунун катышуучулары жана баткен коогаланын катышуучуларына сый тамак уюштурулду, тылда эмгектенген 100 ардагерге 100 тефаль белекке берилди. 2 согуш ардагерлерине алтын медаль берилди. Мындан сырткары спорттук оюндарга 20 000 сом акча бөлүнүп берилди.
20-май «Энелер» күнүнө карата батыр энелерди, жакыр үй-бүлөдөн жашаган Энелерди Сахаба багына майрамдык салтанатка катышып келишти.
1-июнь «Эл аралык балдарды коргоо күнүнө» карата «Дүйнө балдардын көзү менен » аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Ага бала бакчадагы 3-5 жашка чейинки «Кош бол бакча» аттуу балдардын концерттик программасы өткөрүлдү, өкмөт тарабынан китептер, окуу куралдар жана витаминдер белекке берилди.
Ош обл. кикбоксинг боюнча чемпионатка катышууга 9000 сом, Ушу-санда боюнча Кыргызстандын чемпионатына катышууга 9 000 сом, Кыргызстандын окуучулар арасындагы волейбол боюнча чемпионатына катышууга 10 000 сом, спорттук оюн зоокторду өткөрүүгө айыл өкмөтү боюнча алты айда бардыгы болуп 75 000 сом акча каражаты сарпталды.
Китепканалар боюнча айтып өтсөм 2015-жылы райондук масштабда семинар өткөрүлүп, ошол семинардын жыйынтыгы менен айыл өкмөтү алдынкы өкмөт деп табылып айыл өкмөтүнө грамота тапшырылды.
ИНВЕСТИЦИЯ:
Инвестиция тартууда Республикалык бюджетин эсебинен эн чон заман бап бардык шарттары менен Кожо-Арык айылына спорт комплекси курулуп башталды жалпы суммасы 21 млн.сомдук.
Ошондой эле Кош-Дөбө айылына Ассалам коому тарабынан элге таза суу жеткирүүдө 512 мин сомдук инвестиция тартылды.
Ал эми ыссык тамак уюштурууда «МЭРСИКО» кайрымдуулук фонду тарабынан Т.Айбашов атындагы орто мектебине 1 класстан 4 класска чейинки балдардын тамактануусуна азык-түлүк жагынан жардам берди. Атап айтсак гүрүч, ун, май, горох ж.б.
Электр тармагы боюнча айыл өкмөтүндө 2017-жылдын январь айына карата дебитордук карыз 278994 сом.Азыркы күнгө 177845 сом болуп 36,13 % ге дебитордук карыз кыскарган. Электр энергиясыны сапаттуу берүү үчүн аба чубалгыларына тийип турган 35 км бак дарактар тазаланды. Ал эми 13 км аралыктагы аба чубалгыларына тийип турган бак дарактарды тазалоо керек. Ошондуктан убак убактысы менен электр энергиясын өчүрүп тазалообуз керек.
Билим берүү тармагы.
Быйылкы жылы 4 мектепке ыссык тамак уюштуруу үчүн “МЭРСИКО” кайрымдуулук фонду менен биргеликте ашканаларын ремонттон чыгарып, керектүү эмеректер менен камсыз кылынып, азыркы күндө Т. Бекиев атындагы жана Ж. Бөкөнбаев Т.Айбашов, К.Надиров атындагы мектептерде окуучуларга ыссык тамак уюштурулуп, берилип жатат.
Т.Бекиев атындагы орто мектебинин көмүрканасы толугу менен жаныдан курулуп
Т. Кулатов жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин
2017-жылга божомол бюджети-550 100 сом болсо, анын аткарылышы- 340 000 сомду түзүп, башкача айтканда 68 % ке аткарылды.
Абшыр-таза суу боюнча
Киреше бөлүгү
№ | Статьялар | Сумма |
1 | Элден түшкөн тариф | 304 714 |
2 | Айыл өкмөтүнөн тариф | 112 794 |
3 | Кудайбердиев лицей | 9800 |
4 | үйүнө суу киргизгендер | 230 000 |
| жалпысы | 657 308 |
Чыгаша бөлүгү
№ | Статьялар | Сумма |
1 | Эмгек акыга | 167 702 |
2 | Соц. Фонд 25,25% | 60908 |
3 | Соц. Фонд 2% | 814 |
4 | Подоход налогу | 17527 |
5 | Налог с продаж 3% | 13711 |
6 | 5 % кредитке | 20 000 |
7 | Ремонт иштерине | 282 091 |
8 | Хлор (материал) | 30 000 |
9 | күйүүчү май (ГСМ) | 60 000 |
10 | Банк кызматы | 1 400 |
11 | жалпысы | 654 153 |
Ходжа Арык СПАсынын 2017-жылда аткарган жумуштары боюнча элден түшкөн акча 211 790 сом, эмгек акы 56 636 сом, соц. Фонд 10 900 сом, налог 3 000сом, административтик чыгымдар 1830 сом, транспорттук чыгымдар14 249, ички канал ремонту 62 215 сом, насыя төлөмдөрү 62 970 сом, жалпы чыгымдар 211 790 сомду түздү.
Айылдык аймакта «Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулуктун, диний экстремизмдин, терроризмдин алдын алуу жана коомдук саясий абалды туруктуу сактоо.
Ар бир мектептерде кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча экстремизм, терроризм, суицид жана интернет булактарында мыйзамсыз болуп жаткан көрүнүштөрдү болтурбоо боюнча иш-чараларды өткөрүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
Коррупциянын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш жүргүзүү.
Айыл өкмөтүндөгү курулуш иштери боюнча аткарыла турган иштер.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Булак айылындагы “Алтын муун келечек” балдар бакчасынын курулушун бүтүрүп ишке беребиз. Ал эми Ак-Чай айылына “Түштүк-Кыргыз цемент” заводу менен түзүлгөн меморандумдун негизинде 75 орундуу бала бакчанын курулуш иши башталат.
Таш-Булак айылына ПРООН менен биргеликте курулуп жаткан балдар бакчасынын пайдубалы тургузулуп, чатыры жабылат.
Жогорудагы айтылган бейөкмөт уюмдар менен бирге иш алып барып,айыл өкмөтү өзүнүн иш аракеттеринин ачык айкындуулугуна массалык маалыматтар аркылуу жетишип, 2017-жылда жамааттар менен сиздердин зор ишениминиздерге ээ болобуз деген үмүттөбүз.
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы | Н. Мадимаров |
Жооптуу катчысы | А. Жээнбаева |