Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-4
Жинжиген айылынын батыш тарабындагы «Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомунун 2017-жылдын 03-июлундагы Ош областынын райондор аралык сотунун чечиминин негизинде «Кызыл-Кыя көмүр» ачык типтеги акционердик коомуна тиешелүү 182 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Жинжиген айылынын батыш тарабындагы «Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомунун 2017-жылдын 03-июлундагы Ош областынын райондор аралык сотунун чечиминин негизинде «Кызыл-Кыя көмүр» ачык типтеги акционердик коомуна тиешелүү 182 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, жер кодексинин 13-32-44- беренелерине таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жинжиген айылынын батыш тарабындагы «Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомунун 2017-жылдын 03-июлундагы Ош областынын райондор аралык сотунун чечиминин негизинде «Кызыл-Кыя көмүр» ачык типтеги акционердик коомуна тиешелүү 182 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансасына алууга макулдук берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн балансасына алынган 182 га жер аянтынын чек араларын тактап, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеёештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|