Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы Кара-Дөбө бөлүмүндөгү «Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомуна тиешелүү 26 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап, жер кодексинин 13-25-27- беренелерине таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн Кожо-Арык айылындагы Кара-Дөбө бөлүмүндөгү «Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомуна тиешелүү 26 га жер аянтын Ош облустук жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасы (гипроземден) жана «Кызыл-Кыя көмүр» акционердик коому менен жер аянтарынын чек аралары такталсын.
2. «Кызыл-Кыя көмүр» ачык акционердик коомуна тиешелүү 26 га жер аянтына рекультувациялоо долбоорунун жана жер аянттар рекультивациялоо банк счетторунун алып келүү жагы «Кызыл-Кыя көмүр» акционердик коомунун жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Ош облустук жерге жайгаштыруу мамлекеттик ишканасынан корутунду алып келүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.
4. «Кызыл-Кыя көмүр» акционердик коомунун жер аянттарыны тактоо үчүн айыл өкмөтүнөн комиссия түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|