Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 20-сентябры №6-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын жалпы элдик жыйынынын 23-март 2017-жылдагы №1 протоколун, угуп жана талкуулап Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Чал айылынын жалпы элдик жыйынынын 23-март 2017-жылдагы № 1 протоколунда айылдан чыккан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн Ж. Дарбишов «Айылкурулуш» муниципалдык ишканасына бекитилген тарифтердин негизинде, Ак-Чал айылынын тургундарынын ар бир кожолугунан 50 (элүү) сомдон таштандыларды ташып чыгуу үчүн ар бир кожолук менен келишим түзүү жагы милдеттендирилсин.
Ак-Чал айылынын тургуну жеке ишкер Ж. Дарбишовдун аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук, мандат, укук, дин, иштери жана депутаттардын этика боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|