Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 27-октябры №7-1
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез «Абшыр» технологиялык авто унаа жолунун түндүк чыгыш тарабынан «Мол Азык-Фей компани» ЖЧКсынын сураган 100 га жер аянтын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 1989-жылынын 12-августунун №123 инвертаризациясынын делосунун жана Кыргыз Республикасынын призимунун №1456 25-августунун 1989-жылынын №15 токтомуна негиз трансформацияланган категориясы «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жер аянтын келишимдин негизинде ижарага берүү жөнүндө, Кыргыз Республикаксынын Жер кодексини 7-беренесинин, 2,3, пункттарын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кожо-Арык айылынын Ак-Чаңгал бөлүмүндөгү разрез «Абшыр» технологиялык авто унаа жолунун түндүк чыгыш тарабынан «Мол Азык-Фей компани» ЖЧКсынын сураган 100 га жер аянтынын ичинен Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 1989-жылынын 12-августундагы №123 инвертаризациясынын делосунун жана Кыргыз Республикасынын президумунун №1456 25-августундагы, 1989-жылкы №15 токтомуна негиз 12 га жер аянты айыл чарба багытынан «Өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которулгандыгына байланыштуу 12 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Ош облусунун мамлекеттик жерге жайгаштыруу ишканасынын 1989-жылынын 12-августунун №123 инвертаризациясынын делосунун жана Кыргыз Республикасынын президумунун №1456 25-августундагы, 1989-жылкы №15 токтомуна негиз 12 га жер аянтын 49 жылдык мөөнөткө (2066-жылдын 27-октябрына чейин) келишимдин негизинде ижарага макулдук берилсин.
2. «Мол Азык-Фей компани» ЖЧКсы менен «Өнөр жайын, транспорттун, байланыштын,коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясындагы жер аянтын 49 жылдык мөөнөткө (2066-жылдын 27-октябрына чейин) келишимди түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Айыл өкмөтүнө караштуу жайыт комитетиндеги жайыттын жер балансасынан 6 га жайыт жер аянтын кыскартып, иш кагаздарын даярдап берүү жагы Ош областык “Кыргызгипрозем” долборлоо бөлүмүнөн суралсын.
4. Бекитилип ижарага берилген жер аянттарына архитектуралык иш кагаздарыны даярдап берүү жагы Ноокат райондук шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан суралсын.
5. Бекитилип ижарага берилген жер аянтынын чек араларын тактап, тиешелүү юридикалык иш кагаздарын даярдап, жерге болгон укугун тактап берүү жагы Ноокат райондук кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
6. Токтомдун аткарылышы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана жер адисине тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин жер аянттарына менчик укуктарды түз жана аукциондо сатуу жерди ижарага берүү боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|