Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 27-октябры №7-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каримберди бөлүмүндөгү №115 контурундагы жайгашкан 6,11 га жер аянтынын ичинен 1,2 га жер аянтындагы өрүк бактын арендатору Сулайманов Карим аксакалдын арызынын негизинде, айылдык кеңештин айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын актысына таянып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо мамлекеттик агентигинин Ош аймактык башкармалыгынын корутундусуна негиз, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Каримберди бөлүмүндөгү №115 контурундагы жайгашкан 6,11 га жер аянтынын ичинен 1,2 га жер аянтындагы кургап калган 62 (алтымыш эки) түп өрүк бакты кыйдырууга макулдук берилсин.
2. Каримберди бөлүмүнөн кыйдырылган өрүктүн отундарын алып келип, мектептерге, бала бакчаларга бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Кайрадан көчөт тиккенге тийиштүү документтерди даярдап берүүнү Ноокат-Араван райондор аралык аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын Ноокат району боюнча башкы адиси К. Нишановдон суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|