ТоктомКүчүндө

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы №8-1 «Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө» токтому

Редакция21.11.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-ноябры №8-1

 

Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айынын аткарылышы боюнча отчету жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 27-статьясынын 4-пуктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевдин 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштеринин отчету канаатандырарлык деп белгиленсин.

 

Тѳрага

А. Топчубаев