Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры №8-2
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-2020-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгарылган Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда депутаттардын Т.Кулатов айылдык кеңешинин «бюджет, экономика, соода жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясы» тарабынан каралып чыгарылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» Мыйзаынын 27-статьясынын 5 пунктуна ылайык депутаттардын Т.Кулатов айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2018-жылдын контролдук суммасы 43585,5 миң сомго, 2019-жылга 44239,5 миң сомга жана 2020-жылга 44956,5 миң сомго бекитилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн 2018-2020-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|