Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры №8-3
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаров Ноокат райондук сотунун 2017-жылдын 20-ноябрындагы № 5020 сандуу катында Ноокат райондук сотунун имараты капиталдык ремонттолуп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесине негиз депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат райондук сотунун имаратынын капиталдык ремонтуна жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Зулпуевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Т.Кулатов атындагы айылдык Кенештин бюджет, экономика жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|