Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры №8-6
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т.Айбашов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жана ата-энелер комитетинин катышуусундагы 2017-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун № 7 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Т. Айбашов атындагы орто мектебинин мугалимдер жамаатынын жана ата-энелер комитетинин катышуусундагы 2017-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун № 7 протоколу аткарууга алынсын.
2. Аймактагы инновациялык гимназия тибиндеги, жатаканасы менен жаңы мектептин курулушун куруу колдоого алынсын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|