Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 20-декабры №9-5
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Алмаз Абдыкадыровичтин демөөрчүлүгү менен курулган 50 (элүү) орундуу бала бакчага Айтиев кутчунун ысымын коюу жөнүндөгү Кош-Дөбө айылынын жамаатынын 2017-жылдын 4-декабрындагы №1 протоколун угуп жана талкуулап, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кеңешинин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө айылынын тургуну Шарабидинов Алмаз Абдыкадыровичтин демөөрчүлүгү менен курулган 50 (элүү) орундуу бала бакчага Айтиев Кутчунун ысымын коюу жөнүндөгү Кош-Дөбө айылынын жамаатынын 2017-жылдын 4-декабрындагы № 1 протоколу бекитилсин.
2. «Айтиев Кутчу» балдар бакчасы Мекемесинин Уставын Ош облусунун жана Ош шаарынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Мадимаровго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|
Т.Кулатов атындагы айылдык аймагынын Кош-Дөбө айылынын жамаатынын жалпы чогулушунун
ПРОТОКОЛУ №1
Кош-Дөбө айылы | 04-декабрь 2017-жыл |
Кош-Дөбө айылынын жалпы жыйынына 37 адам катышты.
Чакырылгандардан айыл өкмөтүнүн Ак-Терек, Кош-Дөбө айылдарынын айыл башчысы Ө.Чодонова айылдык кеңештин депутаты Мамырасулов Марипжан жана башкалар катышты.
Чогулуштун төрагасы-Абдырахманов Ж.
Чогулуштун катчысы-Чодонова Ө.
Күн тартибинде каралуучу маселе:
Кош-Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп, бүтүп жаткан бала бакчага Айтиев Кутчунун ысмын берүү тууралуу.
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл башчы Ө.Чодонова Кош-Дөбө айылында бала- бакча жок болуп жаш балдары бар иштеген ата-энелер балдарын кошуна айылдарга, Кызыл-Кыя шаарындагы бала-бакчаларга алап барышып өтө чоң кыйынчылыкка кабылып жатышкандыгын айтып өттү.Ошол көйгөйдү чечүү үчүн сиздердин айылдын кулуну жеке ишкер Шарабидинов Алмаз Абдыкадырович өзүнүн эсебинен бала-бакча куруп бүткөндөн кийин айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алгандыгын айтты.
Ушул жигиттин таятасы сиздердин айылдашыныздар Айтиев Кутчу аксакал (раис) кыздарына керез кылып мен өтсөм менин үйүм турган жерди бала-бакча салууга бергиле деп керез кылган экен. Ошондуктан ушул курулуп жаткан бала-бакчага Айтиев Кутчу аксакалдан ысмын берүү боюнча пикириңиздерди айтсаңыздар.
Жогорку маселе боюнча Абдырахманов Жали айыл активиси чыгып төмөнкүлөргө токтолду:
Мен Айтиев Кутчу аксакалды кошуна жашап, кичинекей мезгилден бери билемин аксакал согуш мезгилинде колхоздун раисти болуп кызмат кылуу менен айылдын өсүп өнүгүшүнө көп салым кошкондугун айтып бала-бакчага ушул кишинин аты татыктуу экендигин билдирди.
Айылдын туругу Аким Боронов Айтиев Кутчу аксакал жашатайынан жетим калып ар кимдин үйүндө чоңойгөнүн айтты. Ошондуктан жетим-жесирге көп каралашып жардам бергендигин, раис болуп жүргөн учурда кыйын кырдаалдагыларга дайым каралашкандыгын айтып, мындай адамдын атын койсо боло тургандыгына токтолду.
Кийин жарыш сөзгө чыккан Сатаров Маширап, Сыдыков Абдимиталип, Амиров парпи жана Карабаев Акматтар жогорку маселе боюнча өз пикирлерин айтышып, Кош-Дөбө бала-бакчасына Айтиев Кутчу аксакалдын наамын берүү жөнүндөгү сунушту толугу менен колдоп кубатташарын билдиришти.
Жогоркуларды угуп жана талкуулап Кош-Дөбө айылынын жамаатынын жалпы жыйыны
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кош-Дөбө айылындагы жаңыдан курулуп бүтүп жаткан бала-бакчасынын имаратына Айтиев Кутчунун ысмы берилсин.
2. Т.Кулатов атындагы айылдык Кеңешинин сессиясына Кош-Дөбө айылынын бала-бакчасына Айтиев Кутчунун ысмын берүү жөнүндөгү жамааттык жыйындын токтому бекитип берүү сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчы Ө.Чодоновага тапшырылсын.
Чогулуштун төрагасы | Абдырахманов Ж. |
Чогулуштун катчысы | Чодонова Ө. |