Загрузка документа…
Т. КУЛАТОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Т.Кулатов айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2017-жылдын 24-декабры №9-9
Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө ОсОО «Кожо-Арык «А» жетекчиси А. Жамалдиновдун 2017-жылдын 24-ноябрындагы №4 чыгыш каты менен «Кырк-Кол» участогунун «Центральный 2» бөлүмчөсүнөн, 2017-жылдын 9-ноябрындагы 9,75 га жер аянтынан гипс кенин казып алып иштетүү үчүн №5662 ТЕ лицензиясын 20 жылдык мөөнөт менен иштетүүгө алып келген лицензиясын талкуулап, Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 15-27-беренелерине таянып, депутаттардын Т.Кулатов атындагы айылдык кенештин сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу «Кыркол-Сай» участогунун «Центральный 2» бөлүмчөсүнөн лицензияга негиз 20 жылдык мөөнөт менен (2037-жылдын 9-ноябрына) чейин гипс казып алуу үчүн макулдук берилсин.
2. ОсОО «Кожо-Арык «А» 2017-жылдын 9-ноябрындагы 9,75 га жер аянтынан гипс кенин казып алып иштетүү үчүн № 5662 ТЕ лицензиясына негиз Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтү менен ижара келишимин түзүү жагы Т.Кулатов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба, жерге жайгаштыруу, экология жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Топчубаев |
|
|