Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры №8/1
Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасынын орунбасары И. Дадажановдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн шаардагы кылмыштуулуктун алдын алуудагы, коомдук тартипти сактоодогу жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого мыйзамга ылайык, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө карап көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго тапшырылсын.
3. Өзгөн шаардык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы А. Араповго:
- шаардагы кылмыштуулуктун алдын алууда жана азайтууда, коомдук тартипти сактоодо жана жаш өспүрүмдөр менен иштөөнү жакшыртууда участкалык инспекторлорго, жаш өспүрүмдөр менен иш алып баруучу инспекторлорго иштин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн талапты күчөтүү;
- шаар мэриясы, кварталдык комитеттердин төрагалары, шаардагы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө;
- Өзгөн шаарынын борбордук бөлүгүндөгү жолдордун жээгиндеги тротуарлардагы мыйзамсыз соода кылуучуларга, тротуарлардагы элдин эркин жүрүшүнө тоскоолдук жараткан жеке ишкерлерге, автоунаа ээлерине карата мыйзам чегинде чара көрүү;
- шаардагы мыйзамсыз сооданы 3 ай мөөнөт ичинде тартипке салуу жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|