Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры №8/2
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Купахуновдун маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Өзгөн Таза Суу» муниципалдык ишканасынын шаардын калкын таза суу менен камсыз кылууда жүргүзүп жаткан иштери жөнүндөгү комиссиянын маалыматы эске алынсын.
2. Өзгөн шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Р.Атаджановго милдеттендирилсин:
- «Өзгөн Таза суу» МИнын ишин дайыма көзөмөлгө алуу;
- «Өзгөн Таза суу» МИнын штаттык бирдигин оптималдаштырууну көзөмөлдөө;
- квартал сайын ишкананын аткарган иши боюнча отчетторун алуу.
3. Ишкананын кирешесин көбөйтүү максатында суу пайдалануучулар (кожолуктар, чарбалык эсепте иштеген жана бюджеттик мекеме уюмдар, коммерциялык ишканалар) менен келишимдердин толук түзүлүшүн көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүп, хронометраж жүргүзүп, шаардык кеңешке маалымат берүү жагы шаар мэринин милдетин аткаруучу Р. Атаджановго тапшырылсын.
4. 4. «Өзгөн Таза суу» МИнын директорунун милдетин аткаруучу Ш. Кочкаровго:
- текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышы боюнча 2018-жылдын 1-апрелине чейин шаардык кеңештин сессиясында маалымат берүү жагы;
- ишкананын Уставын мыйзамдарга ылайыкташтырып кайрадан карап чыгуу, башка шаарлардагы ишканалар менен тажрыйба алмашууну жолго коюу;
- суу жоготуунун көрсөткүчүн азайтуу боюнча изилденип, аны аткаруу боюнча ишти күчөтүү, ишкананын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иш жүргүзүү, таза сууну максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөө;
- суу төлөмдөрүнүн баалары, төлөмдөрдүн каерге төлөнүшү боюнча жер-жерлерде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- кирешелерди эффективдүү пайдалануу боюнча иш-чара иштеп чыгуу жана ишкананын штатын оптималдаштыруу;
- өнбөгөн төлөмдөрдү өндүрүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, анын аткарылышын көзөмөлдөө жагы милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|