Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры №8/3
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байланыш кызматынын Өзгөн шаарынын элин тейлөөдө жүргүзүп жаткан иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Байланыш кызматтарын заманбап технологиялар менен жүргүзүү, үзгүлтүксүз, сапаттуу иштөөсүн камсыз кылууну жолго коюу;
-байланыш кызматтарынын спектрин кеңейтүү, кошумча каржы булактарын табуу боюнча изденүү жана инвестицияларды тартуу боюнча иш жүргүзүү;
-байланыш кызматтарынын бааларынын элге жеткиликтүү болушу үчүн тариф саясатын кайрадан карап чыгуу боюнча тийиштүү жерлерге кайрылуу “Кыргызтелеком” ААК Ош облустук филиалынын Өзгөн райондук бөлүмүнүн жетекчилигине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Өнөр-жай, транспорт, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, байланыш жана энергетика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|