Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-декабры №8/4
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясынын отуруму Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык Өзгөн шаар мэриясынын билдирүүсүнүн негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентинин 11-бапынын 13-пунктуна ылайык Өзгөн шаар мэриясынын билдирүүсүнүн негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин 2017-жылдын 1-июлундагы VI сессиясынын №6/7 сандуу токтому жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | А. Джалилов |
|
|