Редакцияот 21.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги VIII сессиясы

 

2017-жылдын 21-декабры №8/6

Өзгөн шаарында жайгашкан “Мухаммад Закир” медресесин ачуу үчүн демилгечи жараандардын тизмесин бекитүү жөнүндө 

 

Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ош облусунун Казыятынын 2017-жылдын 2-ноябрындагы №377 катынын жана Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 9-ноябрындагы отурумунун №2 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Өзгөн шаарында жайгашкан “Мухаммад Закир” медресесин ачуу үчүн демилгечи жараандардын тизмесин бекитүүгө макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Социалдык маселелер, гендер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, жаштар саясаты жана спорт боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Тѳрага

А. Джалилов