Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 27-февралы №09
“Темиртоо плюс” жоопкерчилиги чектелген коомуна, Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан Арчабашы -1 участкасында Чачылма алтын кенине геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн берилген №5794АР лицензиясынын талаптарына ылайык, лицензиянын координаттарында көрсөтүлгөн 58,0 га жер аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Зардалы айылынын Арчабашы -1 участкасындагы 58,0 га жер аянтына Чачылма алтын кенине геологиялык чалгындоо иштерин экологиялык жана жаратылыш коопсуздугун сактоо менен жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Тийиштүү болгон документтерди даярдап берүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө сунушталсын.
3. Чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жер кыртышы бузулса, жумуштар аяктагандан кийин кайра калыбына келтирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дилишатовго жүктөлсүн.
Тѳрага | А. Каламбеков |
|
|