Загрузка документа…
КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XI сессиясы
2017-жылдын 18-декабры №2
Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Таштак участкасынын тургуну У.С. Мурзалиевдин 2017-жылдын 14-декабрындагы №М/37 - арызынын жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1- протоколун карап чыгып жана талкуулап Кара-Таш айыл кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Таштак участкасынын тургуну У.С. Мурзалиевдин 2017-жылдын 14-декабрындагы №М/37 - арызы канааттандырылып жана айыл тургундарынын чогулушунун № 1-протоколу кубатталсын.
2. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Таштак участкасында жайгашкан көчөгө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу “Мурзалиев Сатыбалдынын” аты ыйгарылсын деп бекитилсин.
3. Керектүү иш кагаздары тиешелүү мекеме-ишканалардан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кенешинин укук, регламент жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н. Джаныбаев |
|
|