Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеңешинин кезектеги XVI (III шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 18-майы №16/1
Кеңеш айыл аймагындагы элдин үлүшүндөгү жерлердин пайдаланышы, кайра бөлүштүрүү фондусундагы бардык категориядагы жерлердин жана мындан алынуучу салык жыйымдарынын абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин талаптарына ылайык 2017-2018-жылдарга карата айылдык аймагында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М. Турдуевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кенешинин кезектеги заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл өкмөтүнүн жер маселелери, турак жай , муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М. Турдуевдин 2017-жылдар ичинде жана 2018-жылга карата иш пландары жөнүндө берген маалыматын угуп, айрым кемчилдиктери менен канаттандырарлык деп табылсын жана айтылган сын-сунуштардын негизинде айыл өкмөтүнүн Келечек планын жаңылоо менен Пор ( Ж. Маметеминов), Кенеш (Б.Асилбеков) айылдарынын айыл башчылары менен бирдикте так, даана иштеп чыгышсын.
2. Алдыдагы аткарыла турган 2018-жылдардын иш-чараларынын негизинде агрардык секторду конкреттүү түрдө реформалоого, жер ресурстарын эффективдүү пайдаланууга , жаздык, күздүк талаачылык жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүгө болгон техникаларды сапаттуу пайдаланууга, кылкандуу дан эгиндерин оруп, жыйноо жана тоют топтоо өнөктүктөрүндө коромжусуз жыйноого, кайра иштетүү ишканаларын жандандырууга, мал чарбасын өнүктүрүүгө, андан өндүрүлүп алынган азык-түлүктөрдүн сапатын жакшыртууга айыл аймагына тиешелүү жайыт аянттарынын инфраструктурасын жакшыртууга айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык жеке ишкерлер, чарбакерлер, дыйкан-фермердик чарбанын жетекчилери жана Пор (Ж.Маметеминов), Кенеш (Б.Асилбеков) айылдарынын айыл башчылары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жана Жергиликтүү маанидеги тийиштүү мыйзамдарынын негизинде ишке ашырууну айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси М. Турдуевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кенеш айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А. Мааткеримовго жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык , азык-түлүк, айыл жана суу чарба жерге жайгаштыруу жана жер ресурстары. Энергетика, кайра иштетүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | М.Пусурманкулов |
|
|