Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги XIII сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 09-сентябры №13/1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын 31-беренесинин 6-пункутуна ылайык Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчетун угуп жана талкуулап, Кашка-Жол айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2014-жылдын 6 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке:
- айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу:
- айыл өкмөтүнүн аймагын социалдак-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу:
- калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу:
- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу масселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
3. Бул токтомдун ишке ашырылышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кенешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Абдырахманов Б. |
|
|