Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги XIV сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 10-октябры №14/1
- Жараткандын! “Жан” Мыйзамдарына негизделген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Рухий-табыпчылык жөнүндөгү мыйзамын 09.01.2005-ж. №6 статья 5.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин “Илимди реформалоо жана анын кайра Жаралуусуна шарт түзүү боюнча” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берген тапшырмасын 04.09.2014-ж.
- Буткул Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун “Менталдык Медицина” боюнча берилген сертификатын 01.06.2010-ж.
- Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын “Космотерапия” боюнча берилген чечимин №01-1851/299 18.04.2011-ж.
- Депутаттардын Кара-Кулжа райондук кенешинин “Рух-Аалам Илимдер Медицинасынын Космотерапия методу жөнүндөгү кошмо жыйынынын чечимин №17/8 03.03.2011-ж.
- Автордун адамзаттык маанидеги илимий-интеграциялык системасын, анын илимий-интеллектуалдык менчиги болуп Мамлекеттик катоодон өткөрүлгөн №00021-97 жана №00046-97; ошондой эле А.Жаанбаев атындагы №17-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эмгек жамааты менен М.Байымбетов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатынын №5 19.10.2015-жылдагы жалпы чогулушунун токтомун талкуулап: депутаттардын “Кашка-Жол” айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жараткандын өзгөрүлбөс Рух мыйзамдарына негизделип, дүйнөлүк медицинанын тарыхында биринчи жолу түзүлгөн “Көчмөндөр Медицинасынын Космобиоритмалогиялык Календары; Манас Джаанбаевдин “Рух Манас Ааламы Тоготой” атындагы Космологиялык Биомедицина Окуусунун Космологиялык Календары деп бекитилсин. (Кыргыз Патент Реестрдеги Мамлекеттик №00021. 30.04.97).
2. Автордун илимий-интеграциялык системасынын “Космологиялык Календары” Улуттук жана Мамлекеттик денгээлде өнүктүрүлүп, Дүйнөлүк илимий коомчулукка (Россия Федерациясынын Улуттук Илимдер Академиясына жана Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Марнаретта Ченге” расмий билдирүү жагы Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевден суралсын.
3. “Манассизм” атындагы Кыргыз дүйнө таанымынын классикалык философиясын (Адамзаттык маанидеги рухий-эзотерикалык, диний, космологиялык жана биоэнергетикалык жан кайып-илимдер медицинасынын философиясына негизделген. Этномедицина, этнопедагогикалык, этнопсихологиялык, этномадаият, оозеки, адабият “Манас” эпосу жана башка тарыхый, адабий, маданий – медициналык мурас илимдер системасын Манас Джаанбаевдин Адамзаттык маанидеги Көчмөндөр Медицинасынын Космологиялык Календарын илимий практикалык жактан өнүктүрүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы А.Ш.Жээнбековдон суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк майрамын 25-жылдык мааракесине карата Көчмөндөр Медицинасынын Бүткүл Дүйнөлүк илимий практикалык Симпозиумун өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы А.Ш.Жээнбековдон суралсын.
5. “Манассизм” бул Кыргыз Дүйнө таанымын классикалык философиясы жана Көчмөндөр Медицинасынын Космологиялык сырлары ошондой эле Ар бир адамдын, Ар бир органдардын, биологиялык саатын Космологиялык Календары жана Ар бир адамдын бүткүл адамзаттын биоэнергетиклык түзүлүшүн Космологиялык Календары - Ош 3000-деген темада Эл ТРде автордук программалар ачуу жагы (Кыргыз Патент Реестриндеги Мамлекеттик мамлекеттик №00046. 21.10.97) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Төрагасы А.Ш. Жээнбековдон суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык кенешинин төрагасы Б.Ж. Абдрахмановго тапшырылсын.
Тѳрага | Абдырахманов Б. |
|
|