Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык Кеңешинин кезектеги XV сессиясынын (V шайланган) жыйналышы
2015-жылдын 18-декабры №15/1
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 6-пунктуна ылайык Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык – экономикалык жактан өнүктүрүүдө 2015-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчетун угуп жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
4. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык жактан онуктуруудо 2015жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбектин отчету канааттандыраарлык деп табылсын.
5. Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Рахманберди уулу Шайырбекке:
- айыл өкмөтүнүн аймагын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн стратегиялык жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү планын ишке ашыруу;
- айыл өкмөтүнүн аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө чет элдик инвесторлор, коомдук эмес уюмдар жана демөөрчүлөр менен иш алып барууну колго алуу;
- калкты таза суу, сугат суу менен камсыз кылуу, жайыттарды, эгин талааларды коргоону жөнгө салуу жана сарамжалдуу пайдалануу;
- ички жолдорду, көпүрөлөрдү тартипке келтирүү сыяктуу маселелерди колго алуу жактары эске алынсын.
6. Бул токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу жагы Кашка-Жол айылдык Кенешинин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Тѳрага | Абдырахманов Б. |
|
|