Загрузка документа…
КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык Кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын VII сессиясы
2018-жылдын 08-февралы №7/5
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча, “Улан-ЧИ” ЖЧКнын директору К.Б. Примованын катын карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлбаар айылынын Кекилик-Учар тоосунун этегиндеги таштак жайыт жерден “Улан-Чи” ЖЧКна 5,0га жер аянтын кирпич завод куруу үчүн ижаралык негизде 49 жылдык мөөнөт менен бекитип берүү боюнча “Улан-ЧИ” ЖЧКнын директору К.Б. Примованын каты канааттандырылсын.
2. Тийиштүү документтерди бүткөрүү жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Кирпич завод куруу, анын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана башка ушул сыяктуу иштерди жүргүзүү “Улан-ЧИ” ЖЧКга жүктөлсүн.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин
Тѳрага | Жунус уулу Илязбек |
|
|