Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 4-апрели №12/2-1
Орто-Нура айылынын тургуну Кыргызбаев Айбек Нарынбековичтин арызын угуп, жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орто-Нура айылынын тургуну Кыргызбаев Айбектин атасы Кыргызбаев Нарынбектин өндүрүштүк кырсыктан каза болгондуктан үй-бүлөөсүнө берилүүчү жөлөк пулун жана зыяндын ордун толтуруу өлчөмдөрүн эсептөө комиссиясынын 8-август 2016-жылдагы №1 протоколу боюнча 2 балага бере турган жөлөк пулга Чет-Нура айыл өкмөтүнүн бюджетинин мүмкүнчүлүгү жок дотацияда отургандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен жардам берүү жагы суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Сыдыкбеков |
|
|