Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 4-апрели №12/3
Ар бир айылда талкууланган элдик чогулуштун негизинде, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын айдоо-себүүсү: 1 га жер үчүн:
· айдоо – 1000 сом 30 литр май;
· дың жер айдоо- 1200 сом 30 литр май;
· тырмоо – 400 сом 10литр май;
· себүү – 400 сом 10 литр май;
· комбайн- 2000 сом 25 литр май;
· пресс-15 сом (1 боого);
· Мал багуу: кой-эчкиге-30-35сомдон, бодо малга-200-250 сом;
· Штраф:- административдик укук бузуулар боюнча бекитилген Жобого ылайык салынсын.
· Көчүү: 1-майдан 15-майга чейин сырткы жайытка көчүү милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановго тапшырылсын.
Тѳрага | Т. Сыдыкбеков |
|
|