Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 4-апрели №12/4
Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылынын Коенду колот участкасындагы жерлер айыл тургундары алыскы жайытка көчпөгөндүктөн жерлер деградацияга учурап, мараторий жарыялоо сунушу түшкөндүктөн, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы Коенду колот участкасына жайыт жерлер деградацияга учурагандыктан, жайыт башкаруу планынын жана элдин макулдугу менен 1.01.2021-жылга чейин 3 жылга мараторий жарыялансын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана мыйзам чегинде иш алып баруу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Сыдыкбеков |
|
|