Загрузка документа…
ЧЕТ-НУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чет-Нура айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 4-апрели №12/7
Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төш-Булак айылындагы суу чыкпаган 300 га жерге электро насостук станция аркылуу суу чыгаруу үчүн: Нарын суусунун жээгиндеги Ийри-Булуң участкасынан Ыштыкты коктусунун тушуна жайгашкан каналга чейин, электро насостун суу алып чыгуучу трубаларды жаткызуу үчүн, элдин макулдугу менен узундугу 1600 метр тереңдиги 1 метрге чейин казып орнотуу үчүн тиешелүү жер тилкелеринен уруксат берилсин.
2. Төш-Булак айылынын булагынан айылга таза суу чыгаруу максатында каптаж куруу үчүн, суу түтүгүн тартуу жана резервуарын курууга тийиштүү жер тилкелеринен уруксат берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мүсүркановго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Сыдыкбеков |
|
|