Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2017-жылдын 15-майы №2
Эл депутаттарынын Оро айылдык Кенешинин Х - чакырылышынын кезектеги V сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөмгө жана жайыт жерлерин пайдалануудан түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017 – жылдын бюджетине жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөмгө түшкөн акча каражаты 731677,38 сом жана жайыт жерлерин пайдалануудан ОсОО “КИЧИ – ЧААРАТ” компаниясынан түшкөн акча каражаты 339230 сом, бардыгы болуп 1070907,38 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
Мамлекеттик тейлөө бөлүмүнө;
2212 статьясына – 22800 сом
3111 статьясына – 1000000 сом
3112 статьясына – 48107 сом
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|