Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 19-майы №04
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 6-сессиясы каралган маселелерди талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Оро айылдык кеңешинин жер боюнча туруктуу комиссиясынын сунушунун негизинде, Оро айыл аймагында жайгашкан № 554 контурдан 0,50га, №11 контурдан 0,50га, № 564 контурдан 2,60га жана Ташты участогунан 3га жер аянтын жайыттан айдоо суугат жерге, ал эми № 536 контурдан 2,50га, № 13, 40 контурлардан 1,30га, №302 контурдан 1,0га, № 266 контурдан 0,50га, жана Ташты участогунан 4га жер аянтын жайыттан көп жылдык алма бак жерлер түрүнө которууга макулдук берилсин.
2. Айыл чарба багытындагы жерлерди бир түрүнөн экинчи түрүнө которуу боюнча Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Сураповго жана жер адиси Т.Жаманкуловго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сураповго жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|