Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Оро айылдык Кеңешинин X чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2017-жылдын 26-майы №03
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы, жол боюна жана суу өтүүчү арыктын жээгине жакын өскөн тал теректерди кыркууга уруксат берүү жөнүндө
каралган маселени талкуулап, тактап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жол жээгине жакын өскөн тал теректерди, дыйкандар суу ичүүчү арыктын жээгиндеги тал теректерди кыркууга уруксат берилсин.
2. Тал теректерди кыркуудан мурда, райондук курчап турган айлана чөйрөнү коргоо боюнча мекемесинен уруксат алынсын.
3. Дыйкандарга арык жээгине 3метр аралыктан жакын тал терек отургузууга болбой тургандыгы тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана жер адисине жүктөлсүн.
Тѳрага | Н. Шадыбеков |
|
|