Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргызстан айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясы
2017-жылдын 20-майы №13
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Дөбө жана Талас айылдарынан аралап өткөн Талас-Тараз трассасын жарыктандыруу жана Көк-Дөбө, Манас айылдарынын жаңы конуштарына электр линиясын тартуу боюнча 2017-жылдын 5-майындагы элдик жыйындын протоколу эске алынсын (тиркеме тиркелет)
2. Талас облустук өнүктүрүү фондусуна Көк-Дөбө жана Талас айылдарын аралап өткөн Талас-Тараз трассасын жарыктандыруужана Көк-Дөбө, Манас айылдарынын жаңы конуштарына электр линиясын тартуу боюнча долбоор сунушталсын.
3. Талас өнүктүрүү фондусунан суралуучу сумма 3 155838 (үч миллион бир жүз элүү беш миң сегиз жүз отуз сегиз) сом, өздүк салым 31877 (отуз бир миң сегиз жүз жетимиш жети) сом, долбоордун жалпы суммасы 3 187715 (үч миллион бир жуз сексен жети миң жети жүз он беш) сом менен бекитилсин.
4. Бул долбоордун тиешелүү документтерин даярдап ишке ашыруу жагы Кыргызстан айыл өкмөт башчысы А.Батырбековага милдеттендирилсин.
Тѳрага | Есеналиев Б. |
|
|