Загрузка документа…
КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-ноябры №26
Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында Кыргызстан айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси М. Жунусалиев жана Мониторинг тобунун төрагасы Кыштообаев Абдыжамилге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Тѳрага | Есеналиев Б. |
|
|