Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры №2
Мекеме уюмдардын жетекчилеринин отчетторун угуп, талкуулап , депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын онунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бала бакчанын жетекчиси Т. Бокубаеванын, почта байланыш бөлүмүнүн башчысы Г. Абдыбаеванын 2017-жылдагы аткарган иштери канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2. ИСКАКБнын жетекчиси М.Озубековдун отчету канааттандыраарлык эмес деп белгиленсин.
3. Мектеп директору Н. Адылбековага, №8-ҮДТ нын башчысы Д.Иманалиевага, СПА нын жетекчиси Э.Сатаевге, аймактык инспектор А. сессияга отчетун алып келбегендиги үчүн эскертүү берилсин.
4. Туруктуу комиссиялардын төрагаларына отчетторун даярдап келбегендигине байланыштуу эскертүү берилсин.
5. 2018-жылдын башында таза суу, суугат суу, малды жайытка чыгаруу маселелери боюнча элдик жыйын өткөрүлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Т. Койчубаев |
|
|