Редакцияот 30.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 30-октябры №9

Акназаров айыл аймагында айыл айыл өкмөтүнүн алдындагы Айыл чарба ишканасын түзүү жөнүндө

 

Акназаров айылдык Кенешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 30-октябрындагы кезексиз 9- сессиясы Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 47,50 беренелеринин,КР жарандык кодексинин 230 беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №107-б

буйругунун негизинде “Айыл чарба ишканасын түзүүнү талкууга салып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-мартындагы №107-б буйругун аткаруу максатында “ Айыл чарба ишканасы””Урмарал “ машина-трактордук станциясы түзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы К. Акназаров айыл өкмөт башчысы У. Тынысовго жүктөлсүн.

3. Бул токтом жарыяланган кундон баштап кучуно кирет.

 

Тѳрага

Р. Рысматов