Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-июну №01-1/35
21-партсъезд атындагы колхоздун төрагасы А.В. Пак жана Социалисттик Эмгектин баатырларынын эстеликтеринин түбөлүккө калтыруу боюнча бюджеттик комиссиянын, уюштуруу комитетинин чечимдеринин негизинде Крупская атындагы айылдык Кеңешинин 2016-жылдын 4-мартындагы сессиясынын №01-1/16 токтомунун аткаруу боюнча Крупская атындангы айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жыл 2-июлда 21-партсъезд атындагы колхоздун төрагасы А.В. Пак жана Социалисттик Эмгектин баатырларынын эстеликтерин түбөлүккө калтыруу учүн каражат чогултуу боюнча марафон өткөрүлсүн. Марафон өткөрүү боюнча жоопкерчилик уюштуруу комитетине, Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына, жооптуу катчысына, финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына жана "Нива" айыл чарба кооперативинин торагасы В. Белинскийге жүктөлсүн.
2. 21-партсъезд атындагы колхоздун торагасы А.Пактын бюсту менен Социалисттик Эмгектин баатырларынын портреттерин, мемориалдык тактайларды жассого 100,0 миң сом каражат бөлүнсүн.
3. Мемориалдык тактайлар Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн административдик имаратына, немецтик борборго-колхоздун мурдагы малчылар үйүнө, "Темирлан" спорт комплексине тагылсын.
4. А.Пактын бюсту менен Социалисттик Эмгектин баатырларынын портреттери Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн "Эскерүү аллеясына" орнотулсун.
5. Сокулук айылындагы 27-партсъезд көчөсү Пак Алексей атындагы көчөсү деп аталсын.
Тѳрага | А. Долоталиев |
|
|