Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы №3
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын он экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 699672 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 699672 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратына 336725 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
- Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери жана салык кызматкерине 5000 сомдон сыйлык акы төлөнүп берилсин.
- Соц.фондго чегерүү 1725 сом ;
- Айылдык кеңештин төрагасына өткөн сессиялары үчүн компенсация 25000 сом;
- Айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаасын алуу үчүн 300000 сом.
Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 287947 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
- Кошумча айлык акыга электрик айына 3000 сомдон бир жылга 36000 сом
- Жашылдандырууга кароолчу айына 1500 сомдон бир жылга 18000 сом
- Соц.фондго чегерүүгө 9315 сом
- Өрнөк көчөсүнө түнкү жарыктандыруу орнотууга 100000 сом;
- Долбоорлордун өздүк салымына 124632 сом.
Маданият бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына айыл ичинде көкбөрү оюнун өткөрүү үчүн 6000 сом бөлүнүп берилсин
Билим берүү бөлүмүнө 59000 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен :
- Принтер (3 в 1) 16000 сом;
- Компьютер 20000 сом;
- Проектор 14000 сом;
- Жылыткыч 2 даана 9000 сом.
Соц.коргоо бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына айылдагы өтө кырдаалга кабылган Курманкулов Алмазбектин үй-бүлөсүнө жардам катары 10000 сом бөлүнүп берилсин.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Тѳрага | Т. Койчубаев |
|
|