Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы №5
Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын он экинчи сессиясы, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ч.А. Султанбековада болгон кеңешменин №21-139 протоколунун 3 пунктунда белгиленген иш-чараны карап чыгып жана айыл аймагында туризмди өнүктүрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын аймагынан туристтик обьект куруу үчүн №9 контурдан 2500,0 чарчы метр жер участогу бөлүнүп берилсин.
2. Эгерде берилген жер участогу максатсыз пайдаланылса кайрадан кайтарылып алынаары белгиленсин.
3. Тийешелүү документтер Бакай-Ата райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Туристтик обьект курулуп бүткөндөн кийин айыл өкмөтүнүн балансына алынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Т. Койчубаев |
|
|