Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-марты №5
Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын он үчүнчү сессиясы, Миң-Булак айыл өкмөтүндө түзүлгөн атайын комиссиянын 2017-жылдын 13-декабрындагы №12 актысын карап чыгып жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Миң-Булак айыл өкмөтүнүн имаратынын жанындагы 5 даана кара талдар жана 1 даана туя, ошондой эле “Баластан” балдар бакчасынын тегерегиндеги 5 даана терек жана 4 даана кара талдар картайып чирип, жараксыз болуп калгандыгына байланыштуу кесүүгө уруксат берилгендиги белгиленсин.
2. Кесилген бак-дарактардын ордун калыбына келтирип жаңы көчөттөрдү отургузуу айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ормотоевге милдеттендирилсин.
3. Кесилген бак-дарактар отун катары айылдагы багар көрөрү жок үй-бүлөлөргө таркатылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Т. Койчубаев |
|
|