ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын XXVII отуруму
2018-жылдын 26-апрели №17/1
Алай токойчулук ишканасынын сураныч катынын негизинде Жылы Суу айылындагы Ак Төр жайлоосуна кире бериш жерге женил автомашиналар үчүн шлагбаум коюп тарифин аныктап берүү жөнүндө
Алай токойчулугунун башчысы С. Абдиевдин билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жылы Суу айылындагы Ак Төр жайлоосуна кире бериш жерге шлагбаум орнотулуп женил автомашиналардын кирүү акысы 30 сом, оор автомашиналардын кирүү акысы 50 сомдон болуп бекитилсин.
2. Ак Төр жайлоосуна кирүүдө Гүлчө айыл өкмөтүнүн жашоочуларынын женил автомашиналары акысыз киргизилсин.
3. Автомашиналардан түшкөн акча каражаттарын аталган жайлоонун жолдорун ондоого максаттуу пайдаланышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | К. Исмаилов |
|
|