Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 04-июну №18/1
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агенствосу АРИС тарабынан алынып келине турган Фронтальный погрузчик LOVOL FL 953 3м3 зав № 000631 маркасындагы техникасын сатып алууда үч тараптуу алкактык келишимдин шарттарына ылайык акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн 2018-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинде каралган 70629 бөлүм (ЖКХ) 3112 беренсинде турган акча каражаты, АРИС тарабынан алынып келине турган фронтальный погрузчик LOVOL FL 953 3м3 зав № 000631 маркасындагы техникасынын (трактордун)жалпы баасы 3 472 000 (Үч миллион төрт жүз жетимиш эки ) миң сомдук 3 тараптуу келишимдин негизинде Мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамда көрсөтүлгөндөй тендердин жоопкерчилигин АРИС өткөргөндүктөн айыл өкмөтү тарабынан өздүк салымы 25%ы 868 000 (Сегиз жүз алтымыш сегиз) мин сом акча каражатын “Автомаш-Радиатор” ЖЧ коомуна түзүлгөн үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Үч тараптуу алкактык келишимдин негизинде жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын “Автомаш-Радиатор” ЖЧК коомуна которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке жана ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Болбур уулу Алтынбекке тапшырылсын.
Тѳрага | Исмаилов К.Т. |
|
|